КР УКМК: Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объектилери жана жер тилкелери мамлекеттин балансына кайтарылды

УКМК тарабынан жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылган өнөр жай объекттерин жана жер тилкелерин аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштердин алкагында төмөнкү объекттер кайтарылды:

  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Кереге-Таш айылындагы 899 кв.м. жер тилкеси, ал жерде мурда Ж.Алышбаев атындагы орто мектепти жылуулук менен камсыз кылуучу откана жайгашкан. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Кереге-Таш айылынын тургуну К.А.Д. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактыларын мойнуна алды жана кыймылсыз мүлктү Ак-Суу районунун ЖӨБО балансына ыктыярдуу өткөрүп берди.
  • Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун Советское айылындагы 15 га өлчөмүндөгү айыл чарба жер тилкеси, ал мурда КР ӨКМнин Гидрометеорология кызматынын алдындагы «Советское-Жыргалаң» гидрологиялык постунун балансында турган. Жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Совет айылынын тургуну Т.К.С. (1995-жылдан тартып аталган жер участогун жеке кызыкчылыгы үчүн мыйзамсыз пайдаланган) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузуу фактыларын тааныган жана кыймылсыз мүлктү Ак-Суу районунун ЖӨБО балансына ыктыярдуу өткөрүп берген.
    УКМК мыйзамсыз менчиктештирилген жер тилкелерин, ишканаларды жана имараттарды аныктоо жана мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча иштерди улантууда.

Related posts

Коркутууга кабылып, жоголуп жаткан 16 жаштагы кыз Ноокаттан табылды

admin

Бишкекте Садыр Жапаров менен Франк-Вальтер Штайнмайердин расмий жолугушуу аземи болуп өттү

admin

Эксперт жасалма интеллектиге кантип туура суроо берүү керектигин айтып берди

admin

Комментарий