КР УКМК: Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин кызматкери пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

КР УКМК тарабынан укук коргоо органдарындагы системалуу коррупциялык көрүнүштөрдү алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын жүрүшүндө Ысык-Көл облусунун Түп РИИБнин улук опер кызматкери милициянын улук лейтенанты Б.А.Н. 30 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалды.
Тактап айтканда, Б.А.Н. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланып, алдамчылык фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында кылмыш жоопкерчилигине тартуу аркылуу коркутуп, жабырлануучудан опузалап акча талап кылган.
Кошумчалай кетсек, жогоруда аталган кызматкер буга чейин «МБанк» мобилдик банк тиркемеси аркылуу жабырлануучудан 13 миң сом алганы аныкталган.
Тергөөнүн жыйынтыгы менен кармалган жарандар Каракол шаарындагы №23 тергөө абагына киргизилди.

Related posts

Бишкекте «көпөлөк» рейди жүрө баштагандан тарта 1600дөн ашык кыз аныкталган (видео)

admin

Садыр Жапаров Эл аралык бокс ассоциациясынын президенти Умар Кремлевду кабыл алды

admin

УКМК: Ала-Бука районунда коррупция боюнча айыл өкмөт башчысы жана жергиликтүү кеңештин депутаты кармалды

admin

Комментарий