КР УКМК: Ысык-Көл районунда баңги затын мыйзамсыз өндүрүү жана таратуу каналы аныкталды.

КР УКМК кызматкерлери тарабынан баңги каражаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында 2025-жылдын 19-сентябрында кара куурай сабагын 70 миң сомго өзгөчө ири өлчөмдө сатуу аракетинде Т.А. аттуу жаран кармалган, анын жашаган жеринен кара куурайдын чайыры түрүндөгү баңги каражаттары, баңги каражаттарды кол өнөрчүлүк жол менен даярдоо боюнча буюмдар жана шаймандар, ошондой эле эч кандай уруксат берүүчү документтери жок ок-дарылар табылып алынган. Алынган баңги заттардын жалпы салмагы 12,6 кг түздү.
Ошондой эле жүргүзүлгөн тергөө-ыкчам иш-чаралардын натыйжасында Т.А. тарабынан ири өлчөмдөгү гашиш түрүндөгү баңги каражаттарды системалуу сатуу фактылары катталган.
Т.А.га карата Каракол шаарынын тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндө бөгөт коюу чарасы колдонулган. Тергөө иштери жүрүп жатат.
КР УКМК баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо иштерин улантууда.

Related posts

Бүгүн активисттер Атай Бейшенбек менен Акыл Айтбаевдин бөгөт чарасы каралат

admin

ӨКМ: Түндөгү жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок

admin

Камчыбек Ташиев: Орто-Токой суу сактагычы толугу менен Кыргызстандын карамагына калтырылды

admin

Комментарий