КР УКМК тарабынан 2025-жылдын 20-июлунда «YouTube» видеохостингине анализ жана мониторинг жүргүзүүнүн натыйжасында, «Кабар Медиа» баракчасында уюшкан кылмыштуу топтун идеяларын тараткан белгисиз адам тартылган видео тасма табылган.
2025-жылдын 21-июль күнү, КР КЖК 261/2 (Уюшкан топ түзүү же ага катышуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, видео тасмадагы адамдын Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Сафаровка айылынын тургуну 1991-ж.т. «С.у.К.» экендиги аныкталып, кармалды. Анын учурда жүргүнчүлөрдү ташуу менен алектенип, мурда-кийин соттолбогону жана КР ИИМ каттоосунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катарында катталбагандыгы аныкталды.
Кармалган жаран, КР УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда аталган видео тасманын жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, кармалган жарандын коомго коркунуч жараткан башка укук бузууларга катыштуулугун текшерүү боюнча иштер жүргүзүлүүдө.
КР УКМК жарандарды мыйзамдарды сактоого жана ар түрдүү туура эмес иштерден, ошондой эле маалымат мейкиндигинде мыйзамсыз аракеттерден алыс болууга чакырат



