КР УКМК: Жалал-Абад шаарында «Айка Мусаева» аталган белгилүү блогер кармалды

2024-жылдын 16-январында Жалал-Абад шаарында КР УКМК тарабынан Жалал-Абад облусунун Сузак жана Ноокен райондорунда активдүү иш алып барган, «Айка Мусаева» аттуу белгилүү блогер С.А.М. кармалды.
Келип түшкөн арыздардын жүрүшүндө, кармалган адам, Сузак районунун ишкерлеринен жана колунда бар жарандарды коркутуп, социалдык тармактарга терс сүрөттөрдү жана видеолорду жарыялайм деп коркутуп, акча каражатын талап кылгандыгы аныкталган. Учурда тергөө амалдары менен 120 миң жана 80 миң сом акча талап кылуу жана алуу боюнча 2 факты аныкталды.
Кээ бир учурларда Айка Мусаева аттуу жаран КР УКМК менен байланышы бардыгын айтып, кызыкдар болгон тараптар менен сүйлөшүп алып, өз ара пайыздык ченемдерди макулдашып, акчалай карыздарын кайтарып берүү боюнча жеке кызмат көрсөткөн.
«Айка Мусаеванын» бул кылмыштуу иш-аракети Сузак айылдык кеңешинин спикери Х.Ж. менен алдын ала сүйлөшүп алып, ал дагы кармалган.
Учурда бул адамдардын кылмыштуу аракеттеринин бардык эпизоддорун аныктоого багытталган тергөө амалдары жүрүп жатат.
Бул ишке байланыштуу, «Айка Мусаеванын» ишмердүүлүгүнөн жабыр тарткандар КР УКМКнын Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгына же 0995 012 210, 03722 5-60-49 телефондоруна кайрылууну суранабыз.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Related posts

4-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

32 градуска чейин ысыйт. Апрелге карата берилген аба ырайы 

admin

Шакиев кыргыз парламентинин башка өлкөлөрдүн парламентинен айырмасын айтты

admin

Комментарий