КР УКМК: Жети-Өгүз районундагы кайтарылган объекттер жөнүндө

УКМК жеке менчикке мыйзамсыз өткөн жер тилкелерин аныктоо жана аларды мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чараларды  улантууда.
   Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында мамлекеттин менчигине 6,60 сотых жер тилкеси, аянты 18 чарчы метр кампа бөлмөсү менен кайтарылды, ал алгач Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылындагы "Сарт Аке" орто мектебинин балансында болгон.
   Аталган жер тилкеси 2004-жылы жеке менчикке мыйзамсыз чыгарылганы аныкталган. Мындан улам, азыркы менчик ээси мүлккө ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын түшүнүп, ыктыярдуу негизде жер тилкесин Кызыл-Суу айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берди.
   Ошондой эле, Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айыл аймагынын Үч-Карабулуң участкасында Ысык-Көлдүн жээгиндеги 2 гектар айыл чарба багытында жер тилкеси мамлекеттик менчикке кайтарылып, ал жерде туризм тармагында курулуш иштери жүргүзүлгөн.
   Жер участогуна ээлик кылуунун мыйзамсыздыгын жана аны максатсыз пайдаланууну түшүнүү менен иш жүзүндөгү менчик ээлери ыктыярдуу негизде 2 га жерди мамлекеттин балансына өткөрүп беришти. 

Related posts

Чүйдө 15 жаштагы кыз 25-декабрдан бери дайынсыз болуп жатат

admin

Задержание следователя в Оше: СМИ в погоне за хайпом переврали информацию? 

admin

Профессор Мукаш Исраилов награжден орденом «Данк» за неоценимый вклад в науку Кыргызстана

admin

Комментарий