«Криминалдар коркутса кайрылгыла». УКМК эскертүү жарыялады

УКМК ИИМ менен биргеликте эскертүү жарыялады. «Кимде-ким криминалдык топтор менен коюн-колтук алышып, бирге бизнес кылып, бизнеси менен бөлүшүп, же ай сайын бизнесинен «отметка» кыла турган болсо, анда мыйзам чегинде жооп берет.

Эгер кокус эле бизнесмендерден, ресторан ээлеринен, завод-фабрикалардын кожоюндарынан криминалдар «дань» сурап келе турган болсо, анда дароо УКМКга же ИИМге кайрылгыла. Түп-тамыры менен жок кылабыз! Мындан ары Кыргызстанда криминалдык топ деген түшүнүк болбойт», — деп маалымат таратып, телефон номурларды бөлүштү.

Телефондор:

УКМК 0312 66-04-75; 62-65-04.
УКМКнын аймактык башкармачылыктары:
• Чүй облусу — (0312) 54-07-19;
• Жалал-Абад облусу — (03722) 5-60-49;
• Ош облусу: — (03222) 2-30-78;
• Ысык-Көл облусу — (03922) 5-11-80;
• Талас облусу — (03422) 5-20-43;
• Нарын облусу — (03522) 5-08-49;
• Баткен облусу — (03622) 5-00-33.

Related posts

Ленин районундагы шайлоо. Алдын ала жыйынтык боюнча Кубанычбек Самаков алдыга чыкты

admin

Сахарадагы кумдун чаңы Германия, Франция жана Швейцарияны каптады

admin

Олимпиадада Кыргызстандын намысын 16 спортчу коргойт

admin

Комментарий