Португалия курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду карьерасын жыйыштыруу убактысын тандап алганын Tengri Sport басылмасы жазды.
38 жаштагы португалиялык өз чечими тууралуу Сауд Аравиянын «Аль-Наср» клубунун жетекчилигине билдирген. «Криштиану Роналду Португалия курама командасынын лагерине барар алдында «Аль-Насрдын» жетекчилигине келишимин 2027-жылдын башына чейин узарткысы келгенин билдирген. Криштиану 2026-жылы Дүйнө чемпиондугунда «Аль-Насрдын» оюнчусу катары ойноону, андан соң футболдон кеткенин жарыялоону пландоодо», — деп жазылат маалыматта.