«Крокус сити холлдогу» кандуу окуя: Соттун чечими менен 4 шектүү камакта калтырылды

Москванын Басман соту «Крокус сити холлдогу» терактка шектелген Мухаммадсобир Файзов менен Шамсидин Фаридуниди 22-майга чейин камакка алды. Бул тууралуу Би-Би-Си жазды.

Буга чейин Басман соту дагы эки шектүү Далержон Мирзоев менен Муродали Рачабалисоданы камакка алууга уруксат берген. Соттон билдиришкендей, алар күнөөсүн мойнуна алышкан. Соттук отурум жабык эшик артында өткөн. 

«Интерфакс» агенттиги билдиргендей, айыпталуучуда ур-токмоктун белгилери байкалган. Файзов коляска менен сотко жеткирилген. Төртөө тең Тажик жарандары, алар Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси теракт жасаган деп айыпталып жатат. Бул беренеде өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы каралган.

Related posts

Кыргызстан менен Өзбекстан президенттеринин жолугушуусу башталды 

admin

Нукенованын өлүмү: Бишимбаев 24 жылга эркинен ажыратылды

admin

Кумтөр мамлекетке кайтарылган соң 1 млрд 174 млн доллар таза киреше тапты

admin

Комментарий