Кубанычтуу кабар! Кичинекей Аруузатка көптөн күткөн Золгенсма уколу жасалды

Дүйнөдө сейрек кездешүүчү генетикалык ооруга чалдыккан кичинекей Аруузатка көптөн күткөн Золгенсма уколу жасалды. Бул тууралуу наристенин ата -энеси социалдык тармактардан билдиришти.

«Кубанычтуу кабар!

Аруузат көптөн күткөн Золгенсма уколун алды!

Биз азыр деле муундарыбыз калчылдап, бул кабарга ишене албай турабыз. Бизди ушул күнгө жеткирген Жаратканга ыраазыбыз!

Баардык кыргыз элине, биз менен татаал жолду басып өткөн ыктыярчыларга рахматыбызды айтабыз. Силер болбосоңор биз бул ийгиликке жалгыз жетпейт элек», — деп жазышкан алар.

Эскерте кетсек, Кыргызстандын кичинекей тургуну Аруузат Ташматовага мындан эки жыл мурун булчуңдардын шал оорусу (Спинально-мышечная атрофия) диагнозу коюлган. Наристенин өмүрүн сактап калуунун бир гана жолу — ага бир гана ирээт дүйнөдөгү эн кымбат дары катары катталган -Золгенсма уколун жасоо керектигин дарыгерлер айтышкан. Анын баасы 2,3 млн доллар турат.

Бактыга жараша, кыргызстандыктар бул сумманы 2022-жылы май айында чогултууга үлгүрүшкөн.

Related posts

Жалал-Абад облусунда бир катар мектеп директорлору пара алуу жана чогултуу үчүн иштен алынды

admin

Ноокаттагы мектептин муздак болуп жатканы боюнча министрлик маалымат берди

admin

Бишкекте 23 жаштагы кызды ала качууга аракет кылгандар кармалды

admin

Комментарий