«Кумтөр Голд Компани» 2024-жылдын 9 айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды

2024-жылдын 14-октябрындагы маалыматтык билдирүү

«Кумтөр Голд Компани» 2024-жылдын 9 айындагы өндүрүштүк ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды
Бул мезгил ичинде компания жогорку натыйжаларга жетишип, мыкты көрсөткүчтөргө ээ болду.
Алсак, өндүрүлгөн алтындын жалпы көлөмү 7 тонна 960 килограммды түзүп, коюлган пландан 81 килограммга көбүрөөк болду.
Компаниянын жалпы кирешеси 579,8 миллион долларды түзүп, пландагы 463,4 миллион доллардан бир кыйла ашты.
Ал эми таза киреше 216.6 миллион долларга жетип, коюлган пландагы 87,9 миллион доллардан бир топ жогору болду.
Мындан тышкары, КГК мамлекет алдындагы милдеттенмелерин так аткаруу менен салык жана башка төлөмдөр түрүндө өлкө бюджетине 10 млрд 37 млн сом төктү.
Бул ийгиликтер — жалпы жамаатыбыздын талыкпаган эмгегинин, жогорку профессионалдык чеберчилигинин жана зор жоопкерчилигинин натыйжасында жетишилгенин сыймыктануу менен айта алабыз.
«Кумтөр Голд Компани» экономикабызга зор пайда берүү менен бирге өлкөбүздүн туруктуу өнүгүүсүнө да олуттуу салым кошууда.
Мындан тышкары, Кумтөр кен жайынан 200 чакырым алыстыкта жайгашкан Тоголок кенин өздөштүрүү жана Жангарт аянтында геологиялык чалгындоо иштери башталды. Ошону менен бирге Кумтөрдөгү жер астынан алтын казуу долбооруна старт берилип, келечекте калдык сактоочу жайдан да алтын өндүрүү пландалууда.

Related posts

Лейлектеги чайканада 33 жаштагы киши эч себепсиз сабалган. Шектүү кармалды

admin

Бишкек ЖЭБиндеги кырсыктан жабыркагандар бүгүн Анталиядан Бишкекке учуп келишет

admin

Төрага Нурланбек Шакиев парламенттин аппарат кызматкерлери менен жолукту (сүрөт)

admin

Комментарий