Кумтөр кенине таштандыларды жок кылуучу уникалдуу жабдык орнотулду

Ишканадан билдиришкендей, орнотулган «БРЕНЕР 350 У» үлгүсүндөгү инсениратор суткасына 3 тонна калдыкты жок кылат. Жабдык эң акыркы инновациялык технологиялар менен жасалган. Таштандыларды өрттөөдө абага булганыч заттар, жада калса түтүнү да чыгарылбайт. 3 тоннадан болгону 1% таштанды калат.

Белгиленгендей, кайра иштетүүгө жараган таштандылар өз-өзүнчө чогултулат дагы кайра иштетилет. Мисалы желим заттар Кумтөрдүн колдоосу менен Саруу айылында ачылган атайын цехте, эски дөңгөлөктөр Кумтөрдүн Токмок шаарындагы заводунда кайра иштетилет.

Related posts

Кар жаайт. 14-февралга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Ленин округунан депутатты шайлоо учурунда милиция күчөтүлгөн тартипте иштейт 

admin

№29 мектептин мурдагы директору кармалды

admin

Комментарий