Кумтөр Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөттү


«Кумтөр Голд Компани» жабык акционердик коомунун президенти Алмазбек Барыктабасов Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы муктаж жарандарга жардам көрсөтүү иш чарасына катышты. Алмазбек Барыктабасов билдиргендей, ишкана социалдык милдеттенмелерин аткаруунун алкагында Ысык-Көл облусунун Тоң районунун 100, Жети-Өгүз районунун 100 үй-бүлөсүнө бирден музоолуу жана бооз уйларды тапшыруу чечимин кабыл алган.

«Кумтөр социалдык жоопкерчиликтүү компания катары ушундай жакшы саамалыкты баштады. 18 миллион сомго саан уйларды сатып алып, Жети-Өгүз жана Тоң райондорунун жардамга муктаж болгон 200 үй бүлөсүнө тапшырдык. Бул иш-чара Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жакырчылыкты жоюу боюнча коюлган тапшырмаларынын негизинде ишке ашырылууда», — деди.
Белгилей кетсек, бул жардам жергиликтүү бийлик тарабынан берилген тизме боюнча социалдык жактан өтө муктаж тургундарга таратылды.
Маалымат үчүн: Кумтөр ишканасы тарабынан аймакта ирригациялык, таза суу жана кайра иштетүү боюнча чоң-чоң долбоорлор каржыланып, медицина, билим берүү тармагына да ар кандай колдоолор көрсөтүлүүдө. Жыл сайын аялуу катмардагы жарандарга көмүр, азык-түлүк баштыктары үзгүлтүксүз таратылып келет. Мындан сырткары ишкана “Ысык-Көл облусун өнүктүрүү” фондуна 2023-жылы 8 млн 389 миң доллар которгон.

Related posts

Быйыл Ысык-Көлгө 1,3 млн турист келген

admin

БШК Айбек Осмоновдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

admin

Мидин уулу Канатбек Дин иштери боюнча мамкомиссиянын директорунун орун басары болду

admin

Комментарий