«КУМТӨР» ЖАҢЫ КӨПҮРӨЛӨРДҮ ОРНОТУУГА ЖАРДАМ БЕРДИ

Жети-Өгүз дарыясы аркылуу өткөн мурдагы эски, жыгач көпүрө урап калгандан кийин Кумтөр үч метрлик көпүрөнү калыбына келтирүү үчүн темир көпүрөлөрдү берди. 2008-жылы курулган эски көпүрө жайыттарга мал айдап, тоо капчыгайларына туристтерди өткөрүү үчүн гана пайдаланылып келген экен. Эми курулган жаңы көпүрө жүк көтөрүмдүүлүгү 10 тоннадан кем эмес болуп, пайдалуулугу кыйла жогорулап, алыскы жайыттарга жүктөрдү көбүрөөк алып барууга жол ачты.
Бул көпүрөдөн тышкары, “Кумтөр” ушул жолдогу башка бардык көпүрөлөрдү да алмаштырууга жардам көрсөтүүнү чечти. Компаниянын жетекчилиги көпүрөлөрдү алмаштыруу аймактын транспорттук тузүмүн, коопсуздугун жана туруктуулугун камсыздоодогу маанилүү багыт деп эсептейт. Бул кадамдар бүтүндөй аймактын ыкчамдыгына жана өнүгүүсүнө оң таасирин тийгизет.
Ошону менен бирге, «Кумтөр Голд Компани», Кыргызстандын бакубаттуулугуна салымын кошууга жана социалдык жоопкерчиликтүү ишкана бойдон калууга даяр экендигин көрсөтүүнү улантууда.

Related posts

ИИМ:  Курман айтта 8 миңге жакын милиция коопсуздукту камсыздайт

admin

Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат

admin

 Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

admin

Комментарий