Кумтөр жаңы окуу жылынын алдында окуучуларга кезектеги колдоосун көрсөттү

Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коому жаңы окуу жылына карата мектеп окуучуларына жардам көрсөттү. Ысык-Көл областындагы Ысык-Көл, Түп, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Тоң райондорунун жана Каракол, Балыкчы шаарларынын социалдык жактан аз камсыз болгон үй бүлөлөрүнүн балдарына 1-сентябарга карата 400 даана рюкзак концелярдык товарлары менен таратты.

Мындан тышкары, Жети-Өгүз райондук билим берүү бөлүмүнүн өтүнүчү менен Кумтөр Кызыл-Суу айылындагы В.И.Ленин атындагы № 153, Э. Гапаров атындагы №98 жана С. Абдракманов атындагы №158 мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында проекторлору менен 3 интерактивдик такталарды сатып берди. Кумтөр ишканасынын жаңы окуу жылынын алдындагы мындай жардамы салтка айланып, жардамга муктаж мектеп окуучулары бул күндү чыдамсыздык менен күтүп келишет. 

Негизи эле, “Кумтөр Голд Компанинин” кайрымдуулук иштеринде, билим берүү тармагы артыкчылыктуу орунда туруп, келечек ээлерине татыктуу шарт түзүп берүүгө өзгөчө көңүл бурулат.

Маалымат үчүн кошумчалай кетсек, быйылыкы эле жылы Кумтөр ишканасы Тоң районунун Темир-Канат айылында 40 орундуу, Ак-Суу районунун Ак-Суу айылында 120 орундуу бала бакчаларды куруп, керектүү эмеректер, жабдыктар менен камсыздап берди. Барскоон айылындагы №55 кесиптик лицейдин 80 орундуу жатаканасын, Кызыл-Суу айылындагы 100 орундуу филиалын курууга каржылык көмөк көрсөттү. 

Жыл башында “Кумтөр Голд Компани” Кочкор районундагы Нинакан Жүндүбаева атындагы мектеп-гимназиясына кичи футбол аянтчасын салып берсе, Нарын районунун Жаңы-Жол айылындагы орто мектептин информатика кабинетин жаңылап берген.

Related posts

Бишкекте үч адамды өлтүрүүгө шектелген жаран тууралуу УКМКдан маалымат таратышты 

admin

Денис Петрашов сууда сүзүү боюнча Азия чемпионатынан алтын утту

admin

Депутат Эрбаев Иштамберди кенин улутташтыруу маселесин көтөрдү

admin

Комментарий