Кумтөрдө жыл башынан бери 2,5 тонна алтын өндүрүлгөн

«Кумтөр» кенинде 2023-жылдын биринчи чейрегинде 80 511 унция же 2 миң 504 кг алтын өндүрүлгөн, деп билдирет «Кумтөр Голд Компани» ЖАКсы.

Компаниядан билдиришкендей, былтыркы жылдын ушул эле мезгилинде 66 474 унция же 2 миң 68 кг алтын өндүрүлгөн.

Көлөмдүн өсүшү биринчи кезекте фабрикага жиберилген рудадагы алтындын курамынын жогору болушу, ошондой эле рудадан металлды алуу коэффициентинин жогорулашына байланыштуу болду.

2023-жылдын биринчи чейрегинде фабрикага алтындын ар кандай курамы бар кампалардан берилген рудадагы алтындын орточо курамы тоннасына 2,34 граммды, рудадан алтынды ылгап алуу коэффициенти 72,11% түздү. 2022-жылдын биринчи чейрегиндеги бул көрсөткүчтөр тоннасына 2,27 граммды жана 67,46% түзгөн.

Related posts

17-майга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Вьетнамдын эң бай аялдарынын бири алдамчылык үчүн өлүм жазасына кесилди

admin

«2 жылдан кийин бүтөт». Садыр Жапаров Ороктогу жаңы стадиондун курулушу тууралуу айтты

admin

Комментарий