Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги 2030-жылга чейин бюджеттен 2 миллиард 400 миллион сом бөлүүнү суранууда.
Коомдук талкууга чыгарылган токтом долбоорунда каражат калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгууга жумшалары айтылган.
«2018-2025-жылдарга калктуу конуштардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча программа бекиген. Анын алкагында 246 башкы план даярдалмакчы, анын 147си ушу тапта иштелип чыгууда. Жалпы жолунан бүгүнкү күнгө карата 1 548 калктуу конуш башкы плансыз калган», — деп жазылган документтин негиздемесинде.
Ошондой эле программанын алкагында 2025-жылга чейин каралган каражат толук бөлүнбөй, 441 миллион сом берилбей калганы айтылган. Башкача айтканда, жыл сайын 40-50 миллион сомдой, кээде таптакыр эле эч нерсе бөлүнбөй калып турган. Мындан улам программа толук кишке ашпай, аны 2026-2030-жылдарга узартуу зарылдыгы жаралган.
Бул максаттарга бюджеттен жыл сайын 480 миллион сомдон бөлүнүшү шарт. Анын 180 миллиону топографиялык изилдөөлөр, калганы башкы план иштеп чыгуу үчүн сарпталары айтылган.