Курулуш жүргүзүү алдындагы милдеттүү археологиялык изилдөөдөн баш тартуу каралууда

 Курулуш жүргүзөр алдында алдында жасалчу археологиялык изилдөөлөрдү жокко чыгаруу сунушталууда. Бул тууралуу президенттик администрациянын жетекчисинин орун басары Азамат Кадыралиев билдирди.

Анын айтымында, мындай чечим мамлекеттик кызматты бюрократиядан арылтуу боюнча атайын комиссияга киргизилет. Кадыралиев өлкөдө болгону 14 археолог бар экенин айтып, алар курулуш алдында казуу иштерин жүргүзбөй турганын белгиледи.

«Археологдор жөн гана келип, жерди көз менен карап чыгышат. Ошондой эле курулуш башталчу жерде мурда шаар болгон-болбогонун изилдешет. Шаарларды биз өзүбүз эле белгилей алабыз, археологдорду чакыруунун кереги жок. Алардын саны абдан аз, адистерди региондорго алып баруу кымбатка турат», — деди ал.

Мындан улам археологиялык табылга болушу мүмкүн болгон жерлердин тизмеси түзүлүп, ошол жерге гана Маданият министрлигинен уруксат алуу каралууда. Ал эми калган жерлерге археологиялык изилдөө жүргүзбөй эле курулуш башталып, эгерде кандайдыр тарыхый табылга кездешсе гана иш токтотулуп, окумуштууларга изилдөөгө берүү мерчемделүүдө.

Related posts

Гүлнара Баатырова ЭМУнун Борбордук Азия боюнча аймактык директору менен жолукту

admin

Бишкекте ишке орноштурууну убадалап, жарандардан 1 миллион сомдон ашык акча алган шектүү кармалды

admin

Бразилиянын түрмөлөрүн иттин ордуна каздар кайтарат

admin

Комментарий