Кыгызстанда абанын температурасы 40 градустан жогору ысык болот

27-28-июль күндөрү кургак жана ченемден тышкары ысык аба ырайы сакталып калат. Бул тууралуу аба ырайын аныктоочу мамлекеттик ишканадан билдиришти. 28-июлда Кыргыз Республикасынын аймагында түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 19…24, күндүз 34…39;

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн 3…8, күндүз 27…32;

Талас жергесинде түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 21…26, күндүз 36…41;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 15…20, күндүз 29…34;

Нарын облусунда түнкүсүн 10…15, күндүз 30…35;

Бийик тоолордо түнкүсүн 0…5, күндүз 16…21 градус.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн 22…24, күндүз 37…39 градус ысык болот.

Чолпон-Ата шаарында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз өткүн өтүп күн күркүрөшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 18…20, күндүз 29…31 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдүн түндүк жээгинде суунун температурасы 27-июлда күндүзгү саат 12:00де 23,0 градус болду.

Related posts

Депутат Икрамов: «1973-жылы чыгарылган рентгенди колдонушат. Жаңысын коюп беришсин»

admin

Съездбек Искеналиев, Урмат Усенов, Азамат Сарыбаев… “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамына ээ болушту

admin

Арстан Алай дайынсыз болуп, изделип жатат

admin

Комментарий