Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романынын бет ачары Венгер парламентинде өттү

Кыргыз эл жазуучусу Султан Раевдин “Жанжаза” романынын бет ачары Венгер парламентинде өттү.

“«Жанжаза» романымдын чыкканына он жылга аяк салды.

Жарыкка чыккандан соң бу роман ар кандай ойлорду, пикирлерди жаратты. Бу романдын кол жазмасын окуган Чыңгыз Айтматовдон тартып, аттуу башты адабиятчылар, сынчылар, окурмандар өз көз карашын айтып чыкты.

Роман “2014-жылдын мыкты романы” деп жарыяланды. Ага чет элдик жана атамекендик уюмдар ушундай баа берди. Ошол эле учурда романдын 5-6 барагын окуп алып,түшүнбөй ыргыткандар да болду. Бу романдын алгачкы жеңиши деп айтаар элем. “Жанжаза” 2015- жылы Лондондон, 2018- жылы Анкарадан, 2019-жылы Астанадан, 2023-жылы Будапештен чыкты. Дүйнөнүн беш тилинде жарык көрдү. Сеулдан корей, Пекинден кытай тилинде чыкканы турат. Атактуу “Амазон” платформасында дүйнө жүзүндө сатылды. Бу маселенин бир тарабы…

Экинчиси, деги эле кыргыз жазуучусунун чыгармасы дүйнөлүк аренага чыга алабы? Чыкса канчалык? Бу суроого жооп берүү өтө оор. Чыгармачылыкта кинонун, сүрөттүн, театрдын, музыканын чет элдик аренага чыгуусу алда канча машакат туудурбаса да, адабияттын таанылышы өзгөчө оор, өзгөчө машакат. Окурман дүйнөсү өзгөчө сынчыл, адабий мухит арасынан кайсы бир китепке, чыгармага көнүлү түшүп калуусу да оңой эмес. Адабиятта атаандаштык түзүү алда канча кыйын. “Жанжаза” чет элде бир кыйла пикир жаратты. Ал гана эмес бир нече илимий иштер жазылды. Докторлук иштер жакталды дегендей… Бул албетте, авторго гана эмес, окурман чөйрөсүнө да кызык.

Америкалык жазуучу жана атактуу бестселлерлердин редактору (Писатель и редактор крутых книг бестселлеров) Лейин Дэвис “Книга философски интересна. В этой книге реинкарнация и карма – это темы, которые стоят перед нами для исследования. Я стремился прийти к определенной ясности и балансу в отношении порицания старых, поврежденных душ по сравнению с молодыми, более невинными душами. (“It’s philosophically interesting. Reincarnation and karma are solid subjects for exploration. I was going for some sort of clarity and balance regarding the castigation of the older,damaged souls as opposed to the younger, more innocent souls.”) деп, көз карашын билдирсе, ал эми американын атактуу актеру жана режиссеру Клэр Лэмб “Стиль повествования вовсе не соответствует традиционному американскому триллеру — скорее, этот книга больше напоминает метафизический роман в духе Пауло Коэльо, на мой взгляд…” деп баа берген. Роман тууралуу америка романистикасын чучугуна дейре изилдеген, Фолкнердин чыгармачылыгы боюнча чоң адис, доктор, “Иностранная литература” журнальные жетекчилеринин бири Николай Анастасьев бу романым жөнүндө кезегинде терең макала жазган. Ал эми британиялык драматург Девид Перри “Британские и европейские читатели открыли не только кыргызского писателя Султана Раева через роман “Kara” изданный в Лондоне, но и центрально-азиатскую литературу постайтматовского периода» деген тейде өз оюн билгизген… бу “Жанжаза” жөнүндө айтылган ойлордун бир түрмөгү.

Роман акыркы жолу Будапеште венгер тилинде жарык көрдү. Бизди таң калтырганы китептин бет ачаары Венгер парламентинде өттү.

Кыскасы, романдын жолу ушундай болду.

Бу тууралуу жазбай эле койсомбу дегем, дегинкиси ( Мен сыйлаган иним Садык Шернияз айткандай “кээде мактанып деле коюуш керек”дегендей…))) жазып туруу керек окшойт. Көпчүлүкө маалымат болор…” – деп жазган Султан Раев.

Related posts

Ирандын президенти авиакырсыкта каза болду

admin

Суукка байланыштуу кышкы каникул 16-январга чейин узартылды 

admin

19-декабрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий