Кыргыз-казак чек арасында ишкерлерден акча алган шектүүлөр кармалды

Өткөрүү пунктунан акча чогултуу боюнча туруктуу кылмыш схемасын уюштурган кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренеси (экономикалык контрабанда) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Казакстан менен Кыргызстандын чек арасынын ортосундагы өткөрүү пунктунда мыйзамсыз баюу максатында Кыргыз Республикасынын аймагында иш алып барган жеке ишкерлерден акча талап кылуу жана өндүрүү боюнча туруктуу кылмыштуу схеманы уюштурушкан трансулуттук кылмыштуу топ аныкталды.

Натыйжада, үстүбүздөгү жылдын 7-октябрында ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жарандары (уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн жакын туугандары) кармалган.

Учурда бул кылмыштуу схемага тиешеси бар айрым жогорку кызматтагы адамдарды жана аткаминерлерди аныктоо боюнча активдүү ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүрүп жатат.

Related posts

Орус парламенти Өзөктүк сыноого тыюу салган келишимди жокко чыгарууну колдоду

admin

Жумгалда мал кайтарууга кеткен 45 жаштагы киши менен 9 жаштагы бала дайынсыз болууда

admin

Чүйдө 20 миллион сомдон ашык мефедрондун 22 миңден ашык дозасын таратууга бөгөт коюлду

admin

Комментарий