Кыргыз-казак чек арасында система иштебей калганына байланыштуу жүк ташуучу унаалар топтолуп калды

28-июлда Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 27-июлда саат 22:50дөн баштап “Ак-Тилек-автожол”, “Чоң-Капка-автожол”, “Чалдыбар-автожол”, “Ак-Жол-автожол” көзөмөл-өткөрүү жайларында белгисиз себептерден улам Мамлекеттик салык кызматынын “Жыйынды посту” автоматттык маалыматтык тутумунун “АМТ” ишинде мүчүлүштүктөр катталган.

Эскертүү кетсек, ЕАЭБнин мүчөлөрү болгон өлкөлөрдөн республиканын аймагына киргизилчү товарларды эсепке алуу үчүн Мамлекеттик салык кызматы “Жыйынды пост” автоматтык маалыматтык тутумун (АМТ) колдонот. АМТ ишинде мүчүлүштүктөр болгондугуна байланыштуу Казакстандын аймагында Кыргызстанга чыгуу тарапта жүк ташуучу транспорт каражаттарынын топтолуусу катталган.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын УКМК Чек ара кызматынын Тышкы миграцияны эсепке алуу бирдиктүү тутуму штаттык режимде иштеп жатат. Айдоочулар жана жүк ташуучулар арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: Себеп

Related posts

Кыргыз-казак чек арасында ишкерлерден акча алган шектүүлөр кармалды

admin

КР УКМК: Коррупция фактысы боюнча Бишкек шаарынын Ленин жана Аламүдүн райондук аскер комиссариаттарынын аскер комиссарлары кармалды

admin

Чек арадагы тынчтыкты сактоо. Баткен жана Согди облусунун башчылары жолукту

admin

Комментарий