Кыргыз куткаруучуларынын үчүнчү тобу Түркияга учуп кетти

Түркиядагы жер титирөөнүн кесепеттерин жоюуга жана издөө-куткаруу иштерине катышуу, жабыркагандарга жардам көрсөтүү үчүн кошумча 100 куткаруучу, 6 медицина кызматкери, 25 чатыр, 1 чатыр талаа госпиталы, 160 боз үй даярдалган. Алардын ичинен 12-февралда 80 куткаруучу, 3 дарыгер жана 78 боз үй менен боз үй тигүүчүлөр Түркияга жөнөтүлдү.

Түркиянын жер титирөө болгон аймагына Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин жетекчилиги менен 35 адам учуп, анын ичинде 3 дарыгер, 3 боз үй тигүүчү, куткаруучулар бар. Мындан сырткары 49 боз үй, мобилдүү кийиз үй жана медикамент түрүндө гуманитардык жүк кечээ, 13-февралда учуп кетишти.

Related posts

Жалал-Абаддын тургуну мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн 7 жылга соттолду

admin

Азия оюндары: Айпери Медет кызы чейрек финалга чыкты

admin

Ташиев Абхазия жана Армениядан алынып келген автоунаа ээлери менен жолугушту.

admin

Комментарий