Бүгүн, 17-октябрда саат 04:23тө кыргыз-кытай чек арасына жакын жерде күчү 6 баллга жеткен жер титирөө катталды.
Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын сейсмология институтунун маалыматы боюнча, жер титирөөнүн очогу Кытайдын аймагында болгон. Бедел айылынан 40 чакырым түштүк-чыгышта, Кумтөр кенинен 80 чакырым түштүк-чыгышта, Каракол, Кажы-Сай айылынан 153 чакырым түштүк-чыгышта.
Кыргызстандын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү: Бедел, Ыштык, Кара-Сай айылдарында 4 балл, Кумтөр кенинде 3 баллга жакын сезилген.