Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү жайлары 13-февралга чейин жабык болот

Чек ара кызматынан кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесиндеги өткөрүү пунктары жабык болорун билдиришти.

Маалыматка караганда, кытай тараптын демилгеси менен жаз майрамы белгиленгендигине байланыштуу кыргыз-кытай мамлекеттик чек ара тилкесинде жайгашкан «Торугарт-автожол» жана «Иркештам-автожол» өткөрүү жайлары 10-февралдан баштап 12-февралды кошуп алган мезгил аралыгында жабык болот.

“Иркештам-автожол” жана “Торугарт-автожол” өткөрүү жайлары аркылуу адамдарды, транспорт каражаттарын жана жүктөрдү өткөрүү 13-февралынан баштап жанданат.

Related posts

What’s On The Horizon For Men’s Fashion This Fall

admin

КР УКМК: Жалал-Абад шаарында «Айка Мусаева» аталган белгилүү блогер кармалды

admin

Жалал-Абад менен Ошто жер титиреди

admin

Комментарий