Кыргыз-тажик чек арасы боюнча Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов жолукту

ажикстандын Согди облусунун Бустон шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимовдун жолугушуусу өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстандын жана Тажикстандын өкмөттүк делегацияларынын башчылары кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо маселелерин талкуулашты жана Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна эки мамлекеттин чек ара сызыгын мындан ары тактоо боюнча иштерди улантуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.

Related posts

Чүйдө дайынсыз болуп жаткан 23 жаштагы кыз табылды

admin

Таштандыдан ымыркайды таап алган Пакистандык окуучу сыйланды

admin

Президент «Чакан жана орто ишкердик субъекттерин колдоо жөнүндө” жарлыкка кол койду

admin

Комментарий