Кыргыз-тажик чек арасы боюнча талаш маселесине чекит коюлду

ЙБир нече жылдан бери чечилбей келе жаткан кыргыз-тажик чек ара маселесине чекит коюлду. Албетте,бул тарыхый жана жакшы кабар. Кыргыз-тажик чек ара боюнча комиссияны Камчыбек Ташиев жетектеп эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Ушунча жыл аралыгында чек арадагы талаш жерлердин айынан далай өмүрлөр кыйылып, далай мектеп, айыл талкаланды. Чындыгында ушул кезге чейин эгемендүүлүкө жетишкенден берки жылдар ичинде бул маселе өтө курч боюнча калып келген. Анын ичинде өкүнүчтүүсү тажик тарап түрдүү жолдор менен, ал тургай капысынан куралдуу кол салуулар менен бул маселени өз пайдасына чечүүгө аракет кылды.

Баткендеги баскычылык кол салууда эр жүрөк жигиттерибизден тартып, чек арага чектеш жайгашкан карапайым элибизда жерибизди тебелетпей, баатырдык менен коргогондугу тарыхта оор күндөр катары эсте калат. Бүгүн бийлик тараптан чек ара талашына чекит койгон протокол түзүлгөндугү маалым болду. Ага бүгүн Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов кол коюшту.

Тарыхый протоколдо тажик тарап 30 жылдан бери койгон дооматтарынын баарынан баш тартканы расмий документке түшүрүлдү. Мында тажик тарап дагы зыян тапкан жок, себеби чыныгы реалдуу чек араларга кайттык.

Өлкөбүздөгү эң бир кыйын маселени чечүүдө Президент Садыр Жапаров, генерал Камчыбек Ташиевдин эмгеги чоң экендиги талашсыз.

Related posts

Эч качан терезеден секирбеңиз! Жер титирөө учурунда эмне кылуу керек?

admin

Өмүрбек Текебаев Варшавада аны 18 жыл мурун абактан бошоткон судья менен жолукканын жазды

admin

Тоолорго кар жаайт. 31-январга карата өлкөдөгү аба ырайы

admin

Комментарий