Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда калып калган унаалар менен алмашышты

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджоббой Ахмадзода менен жолукту.

Жолугушууга эки облустун чек арага чектеш район шаарларынын,күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты. Тараптар 2023-жыл ичинде, чек ара аймактарында биргелешип аткарылган иштердин жыйынтыктарын талкуулап,келерки жылга иш пландарды кабыл алышты.

Анда эки облустун чек арасында коомдук коопсуздукту сактоо,мыйзамсыз иш аракеттерге бөгөт коюу,чыр чатактарга жол бербөө боюнча биргелешип иштөө макулдашылган.

«Белгилей кетсек, Баткен жана Согди облусунун жетекчилиги аймакта тынчтыкты орнотуу, жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоо максатында байма-бай жолугушуп турууну макулдашып, анда чек ара аймактарында орун алган айрым окуяларды убагында жана жеринде чечип жатышкан. Натыйжада чек ара аймактарында олуттуу окуялар катталган эмес. Коомдук коопсуздук күч түзүмдөрүнүн көзөмөлүндө болду»,— деп айтылат маалыматта.

Жолугушууда Камчыбек Ташиевдин тапшырмасына ылайык, буга чейин эки өлкөнүн аймагында кармалып турган унааларды кайтарып берүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп, тараптар унааларды алмашуу боюнча макулдашууга жетишишти. Жыйынтыгында Тажик Республикасына Кыргызстандан төрт, Кыргызстанга Тажикстан тараптан беш жүк ташуучу унаалар өткөрүлүп берилди. Унаалар өткөн жылы куралдуу жаңжал учурунда ар кандай себептер менен эки өлкөнүн аймагында калган. Техникалар чек ара айылдарынын тургундарына таандык болгон.

Related posts

Мэр Ататүрк сейил багы боюнча координациялык кеңешме өткөрдү

admin

Президент: «2020-жылга чейин Бейшеналиевдин Түркияда, Дубайда үйү жок болчу»

admin

Нидерландыда 613 күн коронавирус менен ооруган адам көз жумду

admin

Комментарий