Кыргызгидромет 11-декабрга карата аба ырайынын болжолун жарыялады.

Түнкүсүн Чүй облусунун айрым жерлеринде кар жаайт, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, Жалал-Абад облусунун дыйканчылык аймактарында жана калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде кар жаайт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз айрым жерлерде 17-22 метрге чейин жетет.

Аба температурасы:

Чүй облусу

түнкүсүн -5…-10

күндүз 0…-5

Талас району

түнкүсүн -7…-12

күндүз 0…-5

Баткен областы

түнкүсүн -3…+2

күндүз +3…+8

Ош, Жалал-Абад облустары

түнкүсүн -3…+2

күндүз +3…+8

Ысык-Көл облусу

түнкүсүн 0…-5

күндүз 0…+5

Нарын областы

түнкүсүн -7…-12

күндүз -2…+3.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жолдордо кар жана муз бар. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 м/с. Абанын түнкү төмөнкү температурасы -6…-8°, күндүзгү жогорку температурасы -1…-3° жылуу болот.

Чолпон-Ата шаарында түнкүсүн жаан-чачын болбойт, күндүз мезгил-мезгили менен кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз 15-20 метрге чейин жетет. Абанын төмөнкү температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүзгү жогорку температурасы 3…5° жылуу болот.

Related posts

Садыр Жапаров в рамках госвизита прибыл в Цзинань

admin

Прокурор 700 миң долларды казиного уттуруп жибергенби? Башкы прокуратуранын жообу

admin

3-апрелде өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий