«Кыргызиндустрия» фармацевтикалык өндүрүштү колдойт


2022-жылдын 14-сентябрында “Кыргызиндустрия” ААКнын кеңсесинде Израилдин «Биофармакс Групп» ЖЧК фармацевттик компаниясынын башкы директору Сарел Чен-Тов мырза менен Коомдун президенти Жарасул Абдураимовдун жолугушуусу болду.
Кыргыз Республикасына визиттин алкагында Израилдин делегациясынын курамында акционерлердин инвестициялар боюнча кеңешчиси Туриски Игаль, эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси Руднев Владимир Игоревич, инновациялар жана өнүктүрүү боюнча директор Юли Израэль Хореш Себбаг болушту.
Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарды биргелешип чыгарууну уюштуруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу багытында эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.
Израиль делегациясынын башчысы Сарел Чен-Тов мырза «Биофармакс Групп» ЖЧК импорттолуучу фармацевттик каражаттардын өндүрүшүн баштоону көздөп жатканын жана компания Кыргызстанда жасалуучу препараттарды өндүрүүчүлөргө атаандаштык кылуу ниети жок экендигин айтты. Ал иштеп жаткан ишканаларды модернизациялоого ар тараптан жардам көрсөтүүнү сунуш кылды.
Ошондой эле тараптар бул долбоорду ишке ашыруу максатында конкреттүү кадамдарды жасоо үчүн жумушчу комиссия түзүү зарылдыгын белгилешип, өз ара кызматташуунун практикалык жактарын сүйлөшүштү.
Коомдун вице-президенти Ж.К.Сагынбаев жакында эле Саламаттык сактоо министрлигинин Дары-дармек жана медициналык буюмдар департаментинин өкүлдөрү менен болгон жолугушууга катышып, анда жашоого өтө керектүү дары каражаттарынын тизмесин беришкенин айтты.
Бул долбоорду ишке ашырууда саламаттык сактоо чөйрөсүн өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын калкынын жашоо-турмушун жана ден соолугун жакшыртууга шарт түзөт.

Related posts

Депутат о ТЭО по Камбар-Атинской ГЭС-1: Неправильно выдавать $18 млн на зарплату экспертам и консультантам, на эти деньги можно построить 2 малых ГЭС

admin

Налоговые доходы ГТС выросли на 34,8% в январе-апреле

admin

Вице-президента Федерации борьбы Ахрора Иминова вновь заключили под стражу

admin

Комментарий