“Кыргызиндустрия” Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду менен кызматташат

2022-жылдын 26-июлунда “Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов жана Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы Азиз Аалиев “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коому менен Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ортосундагы Кызматташуу жана өз ара түшүнүшүү жөнүндө стратегиялык макулдашууга кол коюшту.


Бул Макулдашуунун предмети өнөктүк мамилени түзүү жана экономиканын ар түрдүү секторлорунда долбоорлорду ишке ашырууга багытталган узак мөөнөттүү, натыйжалуу жана өз ара пайдалуу кызматташтыкты өнүктүрүү болмокчу. Бул документте Тараптар бизнес-долбоорлорду, анын ичинде чакан жана орто ишкердик чөйрөсүндөгү долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу, Өзбекстан Республикасынын бизнес жамаатынын өкүлдөрү менен бизнес-контакттарды түзүү, ошондой эле жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды жана иш орундарды ачууга өбөлгө түзүү боюнча биргелешип иш жүргүзүшөөрү айтылган.


“Кыргызиндустрия” ААКнын президенти Жарасул Абдураимов бул Макулдашуу экономика жана өндүрүш чөйрөсүндө тыгыз жана натыйжалуу кызматташууга негиз болоорун белгиледи.
Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун Башкармасынын төрагасы Азиз Аалиев Өзбекстандын ишкерлери менен иш боюнча байланыштарды түзүү үчүн бул Макулдашуунун жоболору натыйжалуу ишке ашырылат деп ишенээрин билдирди.
Макулдашууда Тараптар аны ишке ашыруу процессинде өз иштерин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жүргүзүшөөрү айтылган.

Related posts

ИИМ: Москвада мекендешин өлтүрүүгө шектелип 4 кыргызстандык кармалды  

admin

Шашылыш билдирүү: 17-19-июнь аралыгында нөшөрлүү жаан-чачын күтүлөт

admin

УКМК: Жалал-Абад облустук сотунун судьялары пара алып жаткан жеринен ортомчулук кылган Жалал-Абад облустук аймактык адвокатурасынын төрагасы кармалды

admin

Комментарий