“Кыргызиндустрия” Татарстан жана Башкортостан менен кызматташууга даяр

“Кыргызиндустрия” ААКсынын президенти Жарасул Абдураимов экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиевдин Татарстандын “Соода-өнөр жай палатасы” бирлигинин төрагасы Шамиль Агеев жана Башкортостандын Соода-өнөр жай палатасынын президенти Тимур Хакимов жетектеген бизнес чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен болгон жолугушуусуна катышты. Бул тууралуу «Кыргызиндустрия» ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушуу Татарстан жана Башкортостандын делегацияларынын 1-8-августта Ысык-Көлдө өтүүчү бизнес-миссиясынын алкагында өттү.

Жарасул Абдураимов өз сөзүндө коомдун өнөр жайды модернизациялоо жана жаңы ишканаларды ачуу багытындагы иштери жөнүндө айтып берип, анын уюштуруучусу жана жалгыз акционери министрлер кабинети экенин баса белгиледи.

Ошондой эле “Кыргызиндустрия” ААКнын байпак-чулки чыгаруучу жана композициялык таштарды жасоочу заводду ачуу, бөтөлкөгө куюлган суунун кластердик өндүрүшүн уюштуруу, газдалган жана газдалбаган сууларды куюштуруучу завод куруу боюнча долбоорлорду презентациялады.

Жарасул Абдураимов коом Татарстандын жана Башкортостандын бизнес жамааттары менен кызматташууга даяр экенин билдирген.

Related posts

 УКМК: 18 кг баңгизат сатууга аракет кылып жаткан жеринен эки адам кармалды 

admin

Чехиялык бийкеч «Дүйнө сулуусу» аталды

admin

Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө коррупцияга каршы коомдук-профилактикалык иш-чаралар өткөрүлдү

admin

Комментарий