«Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын экс-жетекчиси Ж.М.Ш. кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгы үчүн кармалды

УКМК тарабынан тоо-кен тармагындагы коррупцияга каршы күрөшүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын мурдагы башчысы Ж.М.Ш. кармалды. Ал мөңгүнү талкалоо жолу менен жана компетенттүү органдар менен макулдашпастан Ош облусунун Кара-Суу районундагы «Загара-2» кенине автожол курууну баштаган. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, «Кыргызкөмүр» МИнин Түштүк филиалынын жетекчилиги «Кыргызгипрозем» МИнин дарегине пландалган жол куруу багыты боюнча координаталык чекиттерди көрсөтүү менен жер жөнүндө түшүндүрмө алуу үчүн кайрылганы аныкталган, анда №№375, 456, жана 44 мөңгүлөр жайгашкан суралган контурлар боюнча жооп алынган.
Ошону менен бирге «Загара-2» кенинде мамлекеттик экологиялык экспертизанын оң корутундусун бекитүү жана алуу үчүн «Кыргызкөмүр» МИ Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча Ош аймактык башкармалыгынын дарегине бир нече жолу кайрылган. Кезегинде Ош аймактык экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча башкармалыгы тарабынан мөңгүлөрдүн жана мореналардын жайгашкан жерине байланыштуу мамлекеттик экологиялык экспертизанын корутундусун макулдашуудан баш тартылган.
Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында 14 978 480 сомдук экологиялык зыян (мөңгүлөр, асылдуу топурак, токой жерлери) боюнча корутунду алынган.
Натыйжада, «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын түштүк филиалынын директоруна КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгү (кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) жана 298-беренесинин 2-бөлүгү (иш жүргүзүүдө айлана-чөйрөнү коргоо эрежелерин бузуу) боюнча айып тагылып, андан кийин КР ЖПКнын 96-жана 97-беренелерине ылайык КР УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда кылмыш ишин тергөө иштери улантылып, иштин бардык жагдайларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоого багытталган тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
УКМК мамлекеттик органдардагы коррупцияга каршы күрөшүү багыты боюнча иштерди активдүү улантууда.

Related posts

 Европа өлкөлөрү Кыргызстандан көмүр сатып ала баштады

admin

Кыргызстанга Орусиянын президенти Путин келет

admin

360тан ашуун уюлдук телефон, ноутбук жана планшет… Чөнтөк уурулар менен «иштешкен» шектүүлөр кармалды

admin

Комментарий