КЫРГЫЗПАТЕНТ ДОНОРЛОР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРДҮ


Кыргызпатент Эл аралык уюмдардын жана донорлордун өкүлдөрү менен — Интеллектуалдык менчик жана инновацияларды өнүктүрүүдөгү аялдардын ролу боюнча жолугушуу өткөрдү.
Иш-чара Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага Хан фонду жана Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте уюштурулган. Иш чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жана Кыргызстандагы иш алып барган эл аралык донорлук уюмдар, министрликтердин, жогорку окуу жайлардын жана жеке сектордун өкүлдөрү катышты.
Жыйынга келгендер — ойлоп табуучулук, изилдөөнүн инновациядагы орду, насаатчылык институтун өнүктүрүү, инновациялык инфратүзүмдөрдү ачуу, жаштардын жана аялдардын идеяларын жана ишкер аялдарды колдоо боюнча пикирлерин ортого салышты.


Иш-чарада Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева куттуктоо сөзүн сүйлөп, мекемеде ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу маалымат берди.
Рахат Керимбаеванын айтымында, мекемеде “40 район – 40 демилге”, “Startup students, “Улуттук стартап” Хакатон сыяктуу долбоорлор аркылуу жаш жаратмандарга колдоо көрсөтүлүп келет. “Илимдеги, ойлоп табуучулукта жана инновациядагы аялдардын образы” сынагы жыл сайын өткөрүлөт.
Ошондой эле Рахат Керимбаева, Кыргызпатент региондордо инновацияны өнүтүрүү боюнча иш алып барат жана ар бир үй-бүлө инновациялык үй-бүлө болуш керек экендигин баса белгиледи.
Жыйында БУУдагы аялдар, Ага Хан фонду жана Германия эл аралык кызматташуу коомунун өкүлдөрү сөз сүйлөп, бул багытта иш алып баруу маанилүү экенин белгилеп өттү.


Анын жыйынтыгы менен донордук уюмдардын өкүлдөрү Кыргызпатенттин долбоорлорун чогуу ишке ашырууга даяр экендигин билдирди. Ошону менен бирге Кыргызпатент, Бириккен Улуттар Уюмундагы аялдар, Ага Хан фонду жана Германия эл аралык кызматташуу коому (GIZ) менен биргеликте өз ара кызматташуу боюнча келишимге коюну чечишти.


Related posts

УКМК: «Альфа Телекомдун» директорунун мурдагы орун басары кармалды 

admin

Жаңы жылдык майрамда кыргызстандыктар канча күн эс алат?

admin

Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылындагы жер тилкесин мыйзамсыз берүү фактысын аныктады

admin

Комментарий