Кыргызстан ак майдын экспортун 1,5 эсеге көбөйттү, көбү ЕАЭБге жөнөтүлгөн

БИШКЕК. Кыргызстан 2024-жылдын январь-октябрь айларында 1 926,4 тонна ак май экспорттоду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети кабарлады.

Экспорттун өсүү көрсөткүчү:

2023-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу экспорт көлөмү 55,3 пайызга өскөн. Анда 1 240,1 тонна ак май сатылган.

Май сатып алган өлкөлөр:

  • Россия — 1 210 тонна;
  • Казакстан — 652,1 тонна;
  • Өзбекстан — 64,2 тонна;
  • Кытай — 0,1 тонна.

Мындан тышкары, Азербайжан жана Беларуска да аз өлчөмдө жөнөтүлгөн.

Экспорттогу мындай өсүү Кыргызстанда өндүрүштүн жогорулашы менен бирге продукциянын суроо-талапка ээ экенин көрсөтүүдө.

Related posts

Алып баруучу Айзада Жамгырчиева турмуш жолуна аттанат

admin

Акылбек Жапаров Японияга жумушчу сапары менен кетти

admin

Орусияда ажырашкандарга 100 миң рубль айып салуу сунушталды

admin

Комментарий