Кыргызстан алгачкы ирет 1,7 млрд. долларлык облигация чыгарууну пландап жатат

Кыргызстан алгачкы ирет 1,7 миллиард доллар суммасында суверендүү облигация чыгарууну пландап жатат. Бул тууралуу экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков Азия каржы форумуна катышкандан кийин China Daily басылмасына курган маегинде билдирген.

Анын айтымында, Кыргызстан эл аралык рынокко алгачкы ирет чыгат.

«Биз эл аралык капитал рыногун өлкөбүз үчүн маанилүү жана келечектүү каржылоо булагы катары карап жатабыз. Эмиссиянын көлөмү болжол менен 1,7 миллиард долларды түзөт. Ал эми мурда жарыяланган маалыматтарга ылайык, төлөп берүү мөөнөтү 10 жылга жетет. Даярдык иштеринин алкагында суверендүү рейтингдерибизди жогорулатуу үчүн активдүү иштеп жатабыз. Бизге колдоо көрсөтүп жаткан консультанттар жана банктар менен да тыгыз кызматташып келебиз», — деди ал.

Сыдыков Кыргызстан бир нече роуд-шоу форматында маалыматтык иш-чараларды өткөргөнүн, алардын айрымдары Гонконгдо уюштурулганын айтты.

«Биз Гонконгду Азия аймагынын салттуу финансы борбору гана эмес, дүйнөлүк аренадагы маанилүү оюнчу катары дагы карайбыз», — деди министр.

Сыдыков Гонконгдун финансы борбору катары статусун колдонуу менен инвесторлордун кызыгуусун арттырууну, ошондой эле алардын чөйрөсүн кеңейтип, диверсификациялоону көздөп жатышканын кошумчалады.

Related posts

Бишкектеги бир нече кичи автобустардын кыймылы өзгөрдү (сүрөт)

admin

«Президент түшүндүргөндөй». Акылбек Жапаров салык боюнча тапшырма берди

admin

Коргоо министрлиги параддан өтчү техниканы сүрөт, видеого тартпоону суранды

admin

Комментарий