Кыргызстан дүйнөдөгү эң коопсуз өлкөлөрдүн рейтингинде алдыңкы орунга жылды

Глобалдык Тынчтык Индекс (Global Peace Index)  бул —  бүткүл дүйнө жүзүндөгү мамлекеттердин тынчтыгын мүнөздөгөн, мамлекеттин ичиндеги зордук-зомбулуктун деңгээлин жана анын тышкы саясатынын агрессивдүүлүгүнүн деңгээлин өлчөгөн комплекстүү көрсөткүч болуп саналат. Индекс кайсы мамлекеттер адам өмүрү үчүн эң коопсуз (жана тескерисинче кооптуу) деп эсептелээрин көрсөтөт. Өнөктөш уюмдардын катышуусу менен Сидней университетинде иштеп жаткан Экономика жана тынчтык институту тарабынан чыгарылган.

2024-жылы Кыргызстан бул рейтингде олуттуу бурулуш жасап, 77-орунду ээлеген. Бул таасирдүү жыйынтык, анткени биздин өлкө  101-орунду ээлеген мурунку 2023-жылга салыштырмалуу дароо 24 позицияга көтөрүлдү. Бул Кыргызстан коопсуз жана туруктуу болуп, эл аралык аренада позициясын бекемдеп баратканынын ачык далили.

Көрсөткүчтөрдү ушундай жол менен жакшыртсак, коопсуздук эң жогорку деңгээлдеги өлкөлөрдүн категориясына киребиз.

2023-жыл

2024-жыл

Коопсуздук рейтингинин көрсөткүчтөрү

Related posts

Жогорку Кеңеш Медербек Сатыевди Жогорку соттун төрагалыгына дайындоого макулдук берди

admin

Жогорку Кеңеште ичүүчү жана сугат суунун тартыштыгы тууралуу көйгөйлүү маселелер талкууланды

admin

ИИМ: Айтматов районунунда үрөй учурган үч адам өлтүрүү катталды

admin

Комментарий