Кыргызстан ЕАЭБде курулуш, инвестиция жана өнөр жайдагы өсүш боюнча алдыга озду

Кыргызстан курулуш, инвестиция жана өнөр жай тармактарындагы өсүш боюнча ЕАЭБде алдыга чыкты. Бул тууралуу ЕЭКтин аналитикалык маалыматында айтылган.

Маалыматка ылайык, өлкөнүн негизги капиталга салынган инвестициясы 52,1 пайызга көбөйүп, экинчи келе жаткан Армениядан (15,9 пайыз) дээрлик үч эсе жогору болгон.

Айыл чарба тармагында өлкө 6,3 пайыз өсүш менен Казакстандан (13,7 пайыз) кийин жайгашкан. Беларуста 3,4 пайыз, Арменияда 1,9 пайыз өсүш болсо, ал эми Россия -3,2 пайыз артка кеткен.

Курулуш тармагында Кыргызстан 13,1 пайыз өсүш менен Казакстан (13,1 пайыз) жана Арменияны (8 пайыз) артта калтырды.

Related posts

Доскул Бекмурзаев энергетика министри кызматынан убактылуу четтетилди

admin

Ак-Кула ипподрому кайрадан аукционго коюлду

admin

Жабырлануучу Жаныбек Абировду кечирип, тосмо арыз жазды

admin

Комментарий