Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду

Кыргызстан менен Сауд Араб Падышачылыгы ажылык боюнча келишимге кол койду. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, келишимге Кыргызстан мусулмандарынын Азирети Муфтийи Замир кары Ракиев менен САПтын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман кол койду.

САПтын ажылык министринин орун басары Кыргызстан 2023-жылы ажылыкты жакшы уюштургандыгын белгилеп, 2024-жылы ажылык иштери эрте башталгандыгын баса белгиледи.

«Биз 2024-жылдагы ажылык иштери боюнча кеңири форматта сүйлөшүп, кошумча квота сурадык. САПтын ажылык-умра министрлигинде бул маселе комиссия аркылуу чечилгендиктен КМДБнын атынан расмий кат тапшырдык. Учурда жатакана, тамак-аш жана ыйык өрөөндөрдөгү кыргызстандык ажылардын ибадаттарынын аткарылышы боюнча өз ишибизди баштадык», — деди Азирети Муфтий.

Андан соң тараптар 2024-жылдагы ажылык ишин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюшуп, САПтын ажылык министрлиги Кыргызстанга 6060 квота берилгендигин билдирди.

Аталган жолугушууга КР Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору Тойгонбай Абдыкаров, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек ажы Абдылдаев жана ажылык-умра бөлүмүнүн адиси Дастан Нукунов катышты.

Related posts

Кыргызстанда акыркы жумада COVID-19дун 27 жаңы учуру аныкталды 

admin

Кыргызстанда унаалар жубайлардын макулдугу менен гана кайра каттоого алынабы?

admin

УКМК: Жалал-Абадда жалган ишкерлик менен алектенген жарандар кармалды

admin

Комментарий