Кыргызстан Памирдеги кандаштар үчүн 250 млн. сомго мектеп курууну пландап жатат

Кыргызстан Памирдеги кандаштар үчүн 250 миллион сомго мектеп курууну пландоодо. Бул тууралуу 2026-2029-жылдарга «Кайрылман» программасын бекитүү тууралуу министрлер кабинетинин токтом долбоорунда айтылган.

Маалыматка ылайык, Памирде 1300гө жакын этникалык кыргыз катаал шарттарда жашап, ар кандай оорулардан жапа чегип, билим алышпайт.

«2017-жылдан бери Памирден көчүрүлүп келген 172 этникалык кыргыз үчүн 23 турак жай курулуп, балдары билим берүү мекемелерине жайгаштырылганы кабарланган. Мындан улам Кыргызстанга көчүп келүүнү каалаган кандаштардын саны өсүп жатканы айтылган. Ошондуктан аларды көчүрүп келүү боюнча чараларды кеңейтүү, ошондой эле Кичи жана Чоң Памирдин аймагында сапаттуу билим берүүнү камсыздоого, эне тилин жана маданий өзгөчөлүгүн сактоого багытталган жалпы билим берүүчү мектеп куруу демилгесин ишке ашыруу пландаштырылууда», — деп айтылат маалыматта.

Мындан тышкары, азык түлүк, дары-дармектен турган гуманитардык жардам уюштуруу дагы мерчемделген.

Мектеп курууга мыйзамдарга карама-каршы келбеген булактарды пайдалануу менен 250 миллион сом коротулары айтылган. Ал эми программаны ишке ашыруу үчүн 4 жылдын ичинде жалпы жонунан 60,6 миллион сом сарптоо көздөлүүдө.

Related posts

Малайзиянын тышкы иштер министри Кыргызстанга расмий сапар менен келет 

admin

«Уктап жата турган учур эмес». Президент мамлекеттик жана муниципалдык органдардын өкүлдөрүн ачыктыкка чакырды

admin

Соттордо жана өкмөттө гендердик балансты камсыздачу мыйзам сунушталды

admin

Комментарий