Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү 

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар. Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Related posts

Кара-Сууда базар ээси кармалды. УКМК анын үйүнөн канча акча табылганын ачыктады

admin

28-ноябрда өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

16-октябрга карата өлкөдө күтүлгөн аба ырайы

admin

Комментарий