Кыргызстан Түркияга 63 куткаруучусун жөнөттү 

Жер титирөөнүн кесепеттерин жоюу боюнча эл аралык келишимдердин негизинде урандылардын астында калган адамдарды издөөгө жана куткарууга, тазалоого Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен 63 куткаруучу Түркия мамлекетине кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Куткаруучулар 20 күнгө жетерлик тамак-аш азыктарын, издөө, куткаруу иштерине тиешелүү шаймандарын өздөрү менен алып кетишет. Мындан сырткары урандылардын астынан жабыр тарткан адамдарды издөөгө ӨКМге караштуу Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борбордун машыктырылган 2 ити тартылмакчы.

Жардам берүүгө чыккан курамда куткаруучулар, фельдшерлер, психологдор, кинолог бар. Белгилей кетсек, жакынкы арада Түркия Республикасына гуманитардык жардам да жөнөтүлөт.

Related posts

Бакыт Төрөбаев айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

admin

Бишкекте чет өлкөлүк жаран кызды өлтүрө сүзүп, качып кеткен. Милиция маалымат берди

admin

Абдиль Сегизбаевдин адвокаты: “Ырыс Жекшеналиев эски видеону бурмалап, монтаждап тараткан”

admin

Комментарий