Кыргызстанда 19-сентябрь — Улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, 19-сентябрь өлкөдө Улуттук аза күтүү жарыяланды. Бул тууралуу президенттин расмий сайты жазды.

Улуттук аза күтүү күнүндө өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусу түшүрүлөт. Маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталат.

Кыргызстандын расмий билдирүүсүндө, 16-17-сентябрдагы кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кол салуудан мерт болгондордун саны 36 адамга жетти, алардын бири 15 жаштагы окуучу кыз. 134 адам жаракат алды, арасында жаш балдар бар. Алардын саны такталууда.

Расмий Дүйшөмбү кагылыштан мерт болгондор жана жараат алгандар тууралуу расмий маалымат бере элек. «Озоди» радиосу өз булактарына шилтеме кылып, 14-16-сентябрь күндөрү чек арада болгон кагылышууларда тажик тарапта 39 киши мерт болгонун, алардын арасында жайкын тургундар бар экенин жазды. Тажик бийлиги муну ырастап же четке кага элек.

Related posts

Бишкекте жер титиреди. Соцтармакта көбү жүрөгү оозуна кептеле түшкөнүн жазышууда

admin

Садыр Жапаровду АКШга кимдер коштоп кетти?

admin

Нурланбек Шакиев Венгриянын Кыргызстандагы элчисин кабыл алды

admin

Комментарий