Кыргызстанда 23-август улуттук аза күтүү күнү деп жарыяланды

Президент Садыр Жапаровдун “Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августун улуттук аза күтүү күнү деп жарыялоо жөнүндө” Жарлыгынын тексти:

“2022-жылдын 21-августунда Россия Федерациясынын Ульяновск облусунда болгон жол-транспорттук кырсыгынын кесепетинен Кыргыз Республикасынын 14 жараны каза болду.

Каза болгондорго аза күтүү менен алардын туугандарынын жана жакындарынын кайгысын тең бөлүшүп, токтом кылам:

  1. Кыргыз Республикасында 2022-жылдын 23-августу улуттук аза күтүү күнү деп жарыялансын.
  2. Улуттук аза күтүү күнү өлкөнүн бүткүл аймагында, ошондой эле чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелердин имараттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туулары ылдый түшүрүлсүн.
  3. Кыргыз Республикасынын маданият мекемелерине жана телерадиокомпанияларына улуттук аза күтүү күнү оюн-зоок иш-чараларын жана берүүлөрүн токтотуу сунушталсын.
  4. Бул Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет”.

Related posts

Мэрия 2024-жылы Бишкектин борборунан маршруткаларды алууну пландап жатат

admin

Билим берүү министри Бейшеналиев $110 миң пара алууга шектелип кармалды

admin

Кумтөр Ысык-Көл облусунун Тоң жана Жети-Өгүз райондорундагы социалдык жактан муктаж үй бүлөлөргө жардам көрсөттү

admin

Комментарий