Кыргызстанда эми оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө болбойт

2025-жылдын август айынын ортосунан тарта Кыргызстандагы бардык таксисттердин лицензиясы талап кылынат, ал эми оң рулдуу унааларга такси кызматын көрсөтүүгө уруксат берилбейт. Президент мыйзамга кол койду.

Алты ай ичинде такси кызматын көрсөтүүчүлөр — лицензия алуу үчүн айдоочуларга техникалык кароодон өтүүсү, патент алуусу жана унааны камсыздандыруусу милдеттендирилет. Лицензиянын баасы 500-1000 сом болоору күтүлүүдө жана аны ИИМ берет. Анын баасын Министрлер кабинети аныктайт.

Ал эми оң рулдуу унааларга — лицензия берилбейт.

Related posts

Ажылык-2024: Кыргызстанга 6060 квота бөлүндү

mediaportalk

Бишкектеги №63 мектепке бомба коюлганы тууралуу маалымат түштү

mediaportalk

1-июлдан тарта пенсия жогорулайт. Эң аз алганы 6800 сом болот

mediaportalk

Комментарий