Кыргызстанда никаб жана паранжага мыйзамдуу түрдө тыюу салуу сунушталууда

Кыргызстанда коомдук жайларда бетти толугу менен жапкан баш кийим кийүүгө тыюу салууну сунуштап жатышат. Мындай пикирин бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Шарапаткан Мажитова билдирди.

Ал Өзбекстанда коомдук жайларда бетти жашырган же өздүгүн таанууну кыйындаткан кийимдерди кийүүгө тыюу салган мыйзам кабыл алынганын белгиледи.

«Бул мыйзам бизге дагы керек. Көптөр паранжа кийип башташты. Жоолук салынышсын, бирок бетти жабуунун керего жок. Бул кооптуу», — деди ал.

Эске салсак, Өзбекстан парламенти палатанын пленардык жыйынында Административдик жана Кылмыш кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду кабыл алган. Депутаттар коомдук жайларда жүзүн жашырган кийимдерди кийүүгө тыюу салууну мыйзамдаштырышты. Мыйзам долбоорунда эки же андан көп аялы менен чогуу жашоону үгүттөө үчүн административдик жоопкерчилик каралган.

Related posts

16-декабрга карата аба ырайы

admin

УКМК: Милиция баңги зат менен «подстав» уюштуруп, күнөөсүз адамды каматкан

admin

Арстан Алайдын өлүмү боюнча жаңы маалымат

admin

Комментарий