Кыргызстанда террордук уюмдар менен байланышы бар делген жаран кармалды

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети террордук уюмдар менен байланышы бар деп шектелген жаранды кармады. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 1-апрелинде козголгон кылмыш ишинин алкагында жүргүзүлгөн контртеррордук иш-чаралардын жүрүшүндө «Ю.В.» аттуу жаран аныкталып, кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, шектүү террордук уюмдардын идеологиясын колдоп, Борбор Азия аймагында «халифат» түзүү идеяларын жактаган. Эмгек миграциясында жүргөн учурда ал террордук ишмердүүлүктү каржылаган уюмдардын идеологдорунун таасирине кабылганы айтылат.

Мындан тышкары, ал чет өлкөдөгү согуш жүрүп жаткан аймактардын бирине чыгып кетүүнү жана эл аралык террордук уюмдун жетекчисине кошулууну пландаганы белгиленет.

Учурда тергөө-ыкчам иш-чаралары улантылууда.

УКМК эскертет: террордук уюмдардын ишине катышуу жана аларды каржылоо кылмыш жоопкерчилигине алып келет.

Related posts

Бишкектен Баткенге убактылуу контейнер үйлөр жөнөтүлө баштады

admin

Бишкекте 20 жаштагы Адинай Абазова дайынсыз болуп жатат

admin

Кытай Баткен облусунун тургундарына $100 миң өлчөмүндө гумжардам берет 

admin

Комментарий