Кыргызстанда Улуу Жеңиштин 80 жылдыгына карата тарыхый сериал тартылат

 Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата тарыхый сериал тартылат.

Маданият министрлигине караштуу Кинематография департаментинин «Кыргызсериал» чыгармачылык өндүрүштүк бирикмеси 40 миллион сомго тендер жарыялаган.

Жалпысынан ар бири 45-50 мүнөттөн турган сегиз эпизод пландалууда. Аскердик-патриоттук фильм кыргыз аялдарынын Экинчи дүйнөлүк согуштагы эрдигине арналат.

Сунуштарды берүүнүн соңку мөөнөтү 5-мартка чейин, ал эми долбоорду 19-ноябрда бүтүрүү пландалууда.

Жалпысынан Улуу Ата Мекендик согуштун фронтторунда 300 миңден ашуун кыргызстандык салгылашып, алардын 160 миңден ашыгы мекенине кайтпай калган. 150 миңден ашууну ордендер жана медалдар менен сыйланган, алардын 74ү Советтер Союзунун Баатыры наамына, 20дан ашыгы III даражадагы Даңк орденине ээ болгон.

Related posts

УКМК: Бишкекте милициянын тергөөчүсү пара талап кылып жаткан жеринен кармалды

admin

«Рух Ордодо» комуздун формасында эң чоң пирс салынып жатат. Өлкө башчысы суроо салды

admin

Россияда мигранттарды кошумча медициналык текшерүүдө акы алынбай турган болду

admin

Комментарий