Кыргызстанда ЖОЖдордогу бюджеттик орундар 10 миңге чейин көбөйтүлдү

 КР министрлер кабинетинин токтому менен 2024-2025-окуу жылына мамлекеттик билим берүү гранттарынын негизинде жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына студенттерди кабыл алуунун адистиктеринин тизмеси жана көлөмү бекитилди.

Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришкендей, токтомго ылайык, ЖОЖдорго кабыл алуу үчүн гранттык орундардын саны 10 миң гранттык орунга чейин көбөйтүлдү.

Гранттык орундар ведомствого караштуу ЖОЖдорго бөлүнөт:

— Билим берүү жана илим министрлиги – 7917 грант;
— Саламаттык сактоо министрлиги – 405 грант;
— Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги – 206 грант;

Ички иштер министрлиги — 130 грант:

— Коргоо министрлиги — 125 грант;
— Тышкы иштер министрлиги – 20 грант.

Ал эми компьютердик технологиялар боюнча адистерди даярдоого 3900 гранттык орун бөлүнгөн.

Эске сала кетсек, 2023-2024-окуу жылына 6 миң гранттык орун бөлүнгөн.

Related posts

Билим берүү системасындагы коррупция. УКМК мектеп директорлоруна кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти

admin

КР УКМК: Жалал-Абад облусунда мамлекеттик мекемелердеги коррупциялык көрүнүштөрдүн алдын алуу боюнча кеңешме өткөрүлдү

admin

Башкы прокуратуранын жанынан бир киши өзүн өрттөөгө аракет кылган. Себеби

admin

Комментарий