2023-жылдын январь айынан ноябрь айына чейин мекемелер менен уюмдардын кызматкерлеринин (чакан ишканаларды кошпогондо) орточо айлык акысы 32 миң 142 сом болгон. Мындай маалыматты Улуттук статистика комитети жарыялады.
Бул көрсөткүч 2022-жылдын январь-ноябрына салыштырмалуу 20,6%га өскөн.
Мекемелер менен уюмдардын кызматкерлеринин орточо эмгек акысы
(2023-жылдын январь-ноябры)
Сом | мурунку жылдарга салыштыруу (% менен) | |||
2022 | 2023 | 2022 | 2023 | |
Жалпы | 26 654 | 32 142 | 135,9 | 120,6 |
айыл чарба, токой чарба жана балык чарба | 15 110 | 23 580 | 133,1 | 156,1 |
кен өндүрүү | 47 358 | 52 395 | 122,9 | 110,6 |
кайра иштетүү өндүрүшү | 40 475 | 47 306 | 185,6 | 116,9 |
электр энергия, газ ж.б. менен камсыздоо | 35 167 | 42 056 | 113,5 | 119,6 |
суу менен камсыз кылуу, тазалоо, калдыктарды тазалоо жана экинчи сырье алуу | 19 225 | 25 504 | 107,8 | 132,7 |
курулуш | 23 942 | 30 161 | 120,9 | 126,0 |
дүң жана чекене соода, автомобил жана мотоциклдерди оңдоо | 23 576 | 30 072 | 120,3 | 127,6 |
Транспорт тармагы жана жүк сактоо | 33 849 | 41 263 | 120,4 | 121,9 |
мейманкана жана ресторан ишмердүүлүгү | 21 390 | 25 421 | 139,7 | 118,8 |
маалымат жана байланыш | 45 587 | 57 281 | 112,2 | 125,7 |
финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу | 46 664 | 57 097 | 116,6 | 122,4 |
кыймылсыз мүлк иштери | 19 498 | 25 424 | 121,5 | 130,4 |
профессионалдык, илимий жана техникалык ишмердүүлүк | 30 767 | 36 254 | 123,8 | 117,8 |
административдик көмөкчү иштер | 20 507 | 28 154 | 120,7 | 137,3 |
мамлекеттик башкаруу жана коргоо | 31 396 | 44 742 | 134,1 | 142,5 |
билим берүү | 21 844 | 24 520 | 145,1 | 112,3 |
саламаттыкты сактоо жана калкты социалдык тейлөө | 18 816 | 20 931 | 150,6 | 111,2 |
искусство, көңүл ачуу жана эс алуу | 17 412 | 21 132 | 168,2 | 121,4 |
башка тейлөө кызматтары | 17 217 | 20 743 | 102,8 | 120,5 |